АСТЕНОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТЕНОСФЕРА (жаӊы латынча asthenosphaera, грекче asthenes ‒ начар жана сфера) ‒ Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик жана илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-ж. америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-ж. Б. Гутенберг сейсмологиялык жол менен тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандардын түбүнөн 100 км тереӊдикте орун алып, төмөнкү чеги 150‒200 кмге жетет. Астеносферада сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштырганда жайыраак тарай тургандыгы геофизикалык изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. Астеносфера жанар тоолордун пайда болуусуна жана жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдарга себеп болот.