АСКАЛЫ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАЛЫ ЧОКУСУ – Түркстан кырка тоосундагы Талаа тоосунун эң бийик жери. Калаймахмуд жана Матча-Суу (Сохтун сол куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 5621 м. Чоку Пермь мезгилинде жиреп чыккан жегичтүү интрузия жана нефелиндүү сиенит тектеринен туруп, тик аскалуу.