АТАЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 а т а б е к ‒ мамлекетти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. А. өзү тарбиялаган ханзаада бийликке келген учурда анын кеӊешчиси катары милдет аткарган. О. кылымдарда (7‒8-к-да, кийин 15‒19-к-да) Түрк, Батыш Түрк кагандыктарында, Кимак-кыпчак, Огуз, Кыргыз мамлекеттеринде, кийин Хива, Бухара, Кокон, Казак хандыктарында А. мансабы кеӊири колдонулган. О. Азия элдеринде А. мансапка ээ болгондордун ичинен эӊ белгилүүсү ‒ Алымкул Аталык. Кокон хандыгында ордодо А. мансабын ээлеген Мусулман кул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин да аткарып турушкан дыгы белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн А. деп жарыялоо м-н хандык бийликти толук колго алышкан.