АРОМОРФОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМОРФОЗ (гр. airo – көтөрөм жана morphosis - үлгү, форма), арагенез – эволюциянын жүрүшүндө организмдердин түзүлүшүнүн жана кызматынын татаалданып өзгөрүшү. Ал организмдин зат алмашуусунун тездеши, физиологиялык функцияларынын туруктуулугу, сырткы маалыматтарды өздөштүрүү көлөмү жана аны анализдөө жөндөмдүүлүгү менен коштолот. А. бир эле эволюциялык механизмдер – табигый тандалуу жана тукум куума өзгөргүчтүк менен шартталып, жалпы адаптациянын бир түрү болуп эсептелет. Бул концепцияны А. Н. Северцов иштеп чыккан (1925). А-го жаак ооздуу омурткалуулардын тегинде жаактын, сөөктүү балыктарда бакалоор жапкагынын, куш менен сүт эмүүчүлөрдө жылуу кандуулуктун (гомойотермия) пайда болушу мисал болот. А-дун натыйжасында организмдер сырткы чөйрө ресурстарын пайдаланууда жаңы сапаттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, жаңы чөйрөгө өтүү, жаңы түрлөрдүн пайда болушу ж. б. келип чыгат, мис., байыркы сөөктүү балыктарда өпкөнүн пайда болушу.