АРЫК-ТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЫК-ТУРУК (Aruq turuq, Арык-Торук) – жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар «Диван лугат-ит-түрк» (11-кылым) китебинде «Арик-Турукту» эки жолу эскерет. Адегенде аны «Фергана менен Кашкардын ортосундагы бийик жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван» деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу жана «Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. Арык-Турук – Махмуд Кашкари мындан 900 жыл мурун жазгандай Фергана менен Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000–4000 м) жер. Негизин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 500 кмге созулган Арык-урук суусунун тар капчыгайлуу эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда Арык-Турук ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу менен Үч-Таш тоолору. Жайытка ылайыктуусу Арык-Туруктун түндүк-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай Арык-Турук даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат. Архивдик документте (1880-ж.) Улуу-Чаттан (азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) башталган жол «Арык-Турук» суусун бойлой, Саба-Жарды белин ашып, Алайкууга түшөт деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. Арык-Турук жери менен түндүк-чыгыштан түштүк-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. Л. Громбчевский, Ф. Касымбеков ж.б.) өткөн.

С. Өмүрзаков.