АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим-Бел жана Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Узундугу 44 км, туурасы 1 кмдей, өрөөндүн таманы деңиз деңгээлинен 2700–3000 м бийиктикте; курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1300–1500 м. Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилишинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен жана суу эрозиясынан пайда болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр өрөөндүн таманында 8–26 кмге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү пайда кылган. Таманы жазы жана түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу бөлүгү Жетимдин түндүк капталында жайгашкан; эң ириси – Эгиз-Төр (узундугу 5 км). Өрөөн аркылуу батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орточо температурасы –12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 мм. Өрөөндө шалбаалуу талаа жана шалбаа (3000 мге чейин), доңуз сырттуу субальп жана альп шалбаасы (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.