АРХИПЕЛАГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:58, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИПЕЛАГ, т о п а р а л – бири-бирине жакын жайгашкан, жалпысынан бирдиктүү аралдар тобу. Мындагы аралдар пайда болуу шарттары жанa геологиялык түзүлүшү боюнча окшош келет. Архипелаг материктен бөлүнүп калынышынан (Канадалык Арктика архипелагы), кораллдан (Маршалл аралы) жанa жанар тоонун атылышынан (Гавайи аралы) пайда болушу мүмкүн.