АРХАНГЕЛЬСК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 16 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХАНГЕЛЬСК – Россиядагы шаар. Архангел облусунун администрация борбору. Түндүк Двина дарыясы Двина булуңуна куя бериште, Ак деңизден 50 км аралыкта жайгашкан. Калкы 351 миң (2015). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. 1584-ж. курулган. Алгач Новоголмогоры аталган. 1556-жылдан Россиянын курамында. 1613-жылдан азыркыча аталат. Петербург негизделгенге чейин (1703) Россиядагы жалгыз деңиз, 17–18-кылымдарда ири соода порту болгон. 1708-жылдан Архангельск губерниясынын борбору. Архангельск – көптөгөн уюл экспедицияларынын башталгыч пункту (В. Я. Чичагов, Ф. П. Литке, А. М. Сибиряков, Г. Я. Седов экспедицияга жөнөшкөн). Архангельскиде алгачкы таш үйлөр (1647), таш конок сарайы (1668–84) сакталган. Барокко стилиндеги Троица (1745), Ыйык Екатерина лютеран (1768), классицизм стилиндеги Мартын Исповедник (1803–06) чиркөөлөрү, М. В. Ломоносовдун, Петр 1-нин эстелиги, обелиск, Жеңиш монументи, Михаил Архангелдин колодон жасалган статуясы ж. б. бар. Архангельск – Түндүк-Батыш Россиянын илимий, маданий жана өнөр жай борбору. 2001-ж. Архангельск илимий борбору түзүлгөн. Он жогорку окуу жайларынын (филиалдары менен; анын ичинен 6 мамлкеттик), техникалык (1929), М. В. Ломоносов атындагы Поморск (1932-жылдан), Түндүк медийиналык (1932) университеттери, өлкөдөгү байыркы окуу жайлардын бири (Деңиз окуу жайы, 1781-ж. негизделген), 49 китепкана, музейлер (край таануу, сүрөт өнөрү), театрлар, филармония, мамлекеттик камералык оркестр (1993), Түндүк орус элдик хору, цирк иштейт.
Архангельск – Россиядагы тактай тилүүнүн, токой-химиялык өнөр жайынын ири борбору. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз комбинаттары, гидролиз заводу бар. Кеме (Соломбала кеме верфи) жана машина куруу (Соломбала заводу), кеме ремонттоо, балык өнөр жайлары өнүккөн. Деңиз балырларынан продукт чыгарат. Кийим-кечек («Союз», «Архпромкомбинат» ж. б.), бут кийим («Северянка», «Обувьбыт») фабррикасы иштейт. 19-кылымдын аягынан жыгаччылык өнөр жайынын жана жыгач экспорттоонун ири борбору.