АЛЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЧА (Prunus divaricata Ledeb.) – роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийиктиги 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок,

сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салмагы 15-35 г.

АЛЧА 11.png

Илдетке туруктуу көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Жапайы жана өстүрүлмө түрү Балкан жарым аралында, Орто жана Кичи Азияда, Иран, Түндүк Кавказ, Украина, Закавказье, Молдавияда кездешет. Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда З0дай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү Алча өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8-10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма жана лимон кислоталары, С витамины болот. Андан компот, кыям, повидло ж. б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма шиш тумшугу

ж. б. Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.