АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ 17‒18-к-дарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдар

дын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. А. р. айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүр мөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезим ди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. А. р. термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, А. р. ад-ты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу м-н акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.