АК-САЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ӨРӨӨНҮ ‒ Ички Теӊир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Орографиялык жактан Батыш Ак-Сай жана Чыгыш Ак-Сайга (Мүдүрүм өрөөнү) бөлүнөт. Чыгыш Ак-Сай өрөөнү жөнүндө Мүдүрүм өрөөнүн караңыз. Батыш Ак-Сайды Ат-Башы, Жаӊы-Жер, Какшаал, Көк-Кыя тоолору курчап жатат. Таманынын узундугу 81 км, эӊ жазы жери 28 км. Өрөөн деӊиз деӊгээлинен 2900‒3800 м, курчаган тоолор 3900‒5000 м бийиктикте. Таманы майда дөбөлүү, ортоңку бөлүгү түзөӊ жана жапыз тектирлүү. Көк-Кыя, Сары-Белес, Кежиге сыяктуу бийик тоолор бар. Өрөөндө палеоген-неогендин чөкмөлөрү жана антропогендин борпоӊ шилендилер тектери кеӊири тараган. Айрыкча көл, мөӊгү-суу жана аллювий чөгүндүлөрү басымдуу. Климаты кескин континенттик; өрөөн ‒ Борбордук Азиянын «суук уюлу». Январдын орточо температурасы ‒29°С (абсолюттук минимум ‒54°С), июлдуку 8°С. Жылдык жаан-чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүп, айрым жылдары жери «кара» чыгат. Өрөөндү курчаган тоолор мөӊгүлүү (жалпы аянты 118,4 км2 келген 58 мөӊгү бар). Бардык жеринде түбөлүк тоң тараган. Негизги суусу ‒ Ак-Сай (Батыш). Майда

АК-САЙ ӨРӨӨНү2.png

мореналык жана термокарст процесстеринен пайда болгон көлдөр бар. Ак-Сайга субальп жарым чөлү жана кургак талаа (3100‒3600 мге чейин), альп шалбаалуу талаасы, айрым жеринде субнивалдык сейрек өсүмдүктүү тилке (3600‒3900 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөн ‒ Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун малы багылат.