АРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТ – ашуу, тоо маанисин чагылдырган байыркы топонимика, географиялык термин. Бул түшүнүк жөнүндөгү алгачкы дарек X кылымга («Худуд-ал-Аламда» эскерилет) таандык. XI кылымда ашуу маанисиндеги оронимиялык компонент катары тарала баштаган; мисалы, Бадаларт, Букачар, Занбиарт, Кавакарт, Торугарт, Яфтуарт. Бул термин катышкан топонимдер Кыргызстандын азыркы аймагында өтө көп тараган: Кумарт, Кызарт, Эшекарт, Көгарт, Агачарт. Арт кошулган топонимдер Кыргызстандын азыркы чегинен сырткары аймактарда – Памирде, Алтайда, Тувада, Кашкарда ж. б., тагыраак айтканда кыргыздар мурда жашаган жерлерде гана кездешет. Мындан «арт» түшүнүгү кыргыздарга гана таандык деген бүтүм чыгарууга болот. Арттын кыргыздарда ашуу, бел, дабан, өтмөк, ажык деген синонимдери бар.