АРТЁМОВ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТЁМОВ КЕНИ – Украинадагы таш туз кени. Запасы боюнча (5 млрд тдан ашык) дүйнөдөгү ири кендердин бири. Донецк облусундагы Бахмут жана Тара дарыясынын өрөөнүндө. Артёмов шаарына жакын. Kypaмында NaCl 97,7–98,7%. 1871-ж. ачылып, 1881-жылдан жер астынан казылып алынат. Донецк туздуу бассейнинде, Славян-Бахмут синклиналында жайгашкан. Туздуу структуранын узундугу 45 км, туурасы 35 км. Пермь мезгилинде пайда болгон туздуу катмар 19 кабатты камтыйт. Алардын жалпы калыңдыгы 180 м. Калыңдыгы 12–50 м болгон 340 мге чейинки тереңдиктеги 3 кабаты өнөр жайлык мааниде; Артёмов кенинин тузу организмге өтө керектүү микроэлементтердин комплексине бай.