АК-ЖАР - Ат-Башы районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:20, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ЖАР – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Жар айыл аймагынын борбору Ат­-Башы өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат‑Башы кыш­тагынан 2,5 км түштүк-батыш тарапта, Балыкчы те­мир жол бекетинен 230 км. Калкы 2885 (2009); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Жаркымбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Андабеков туулган.