АРСЕНОПИРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЕНОПИРИТ (латынча arsenicum – мышьяк жана пирит), мышьяк колчеданы – темирдин сульфид-мышьяктуу бирикмелер тобундагы минерал. Химиялык формуласы FeAsS. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү калай сыяктуу бозомук, металл сымал жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы боюнча 5,5–6. Катуу нерсе менен чапкылаганда, сарымсак жыттанат. Сульфид кенташтары (рудалары) менен аралаш жолугат. Арсенопирит мышьяк бирикмелерин алууда негизги кенташ; андан кээде кобальт менен никель алынат.