АРПАНЫН АЛА-ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПАНЫН АЛА-ТООСУ, Жаман-Тоо–Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы кырка тoo. Apпa өрөөнүн Алабуга – Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Узундугу 110 км, туурасы 16 км. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түштүк капталы тик, кыска, түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Беш-Талаа, Орто Сырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфоструктурасы – горст-антиклиналь, түштүк жана түндүк этектери тектоникалык жаракалар менен чектешет. Apпa капчыгайы (Кептеш) Жаман-Тоонун батышынан өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп

АРПАНЫН АЛА-ТООСУ 27.png


турат. Тoo девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат; пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу жана полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү жана түндүк капталдары мөңгүлүү. Тоонун түштүк капталынан Сокур-Булак, Кожогул, Бурана-Чап, Үч-Арча, Жаман-Даван, Кош-Чап-Суу, Арпанын Кашка Суусу, Борлуу, Миң-Бугу, Кыз-Коргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ич-Кашка-Суу, Сырт-Кашка-Суу (Алабуганын куймалары) башталат. Күнгөй беттерине субальп жана альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа жана альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.