АЛТЫГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам ж. б. кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Узундугу 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. Алтыгат жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. Алтыгат боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.