АРНЕМЛЕНД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРНЕМЛЕНД – Австралиянын түндүгүндөгү жарым арал. Тимор жана Арафура деңиздери, Карпентария булуңу менен чулганат. Узундугу 320 кмдей, жазылыгы 460 кмдей. Кумдуктан турган плато (бийиктиги 400 кмге чейин) ээлейт, ал дарыя өрөөндөрү аркылуу калдык тоо массивдерине бөлүнгөн. Өрөөндөрүнө нымдуу тропик токою, айдарым беттерине эвкалипт токою жана саванналар мүнөздүү. Уран-радий кени (Рам Жангл) бар. Порту – Дарвин.