АЛТЫГАНА
Jump to navigation
Jump to search
АЛТЫГАНА, т ө ө к у й р у к (Caragana) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийиктиги 1-2 м, кабыгы боз, сары, күрөң ж. б. Жалбырагы канат сымал татаал кесил-
ген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү – чанак, анын узундугу 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй баштайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей түрү таралган. Көбүнчө Орто Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызстандын бардык райондорунда 14 түрү тараган.