АРКТИКА АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКТИКА АЛКАГЫ – Жердин эң түндүгүндөгү географиялык алкак. Арктиканын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Алкактын чеги эң жылуу айдын (июль же август) 5°С изотермасы боюнча жүргүзүлөт. Алкакка радиациялык баланстын терс же бир аз оң мааниси, арктика аба массасынын үстөмдүк кылышы, узакка созулган уюлдук түн, абанын жанa океан суусунун үстүнкү катмарынын муздактыгы мүнөздүү. Алкактын кургактагы бөлүгүндө муздуу же таштуу арктикалык чөл ландшафты үстөмдүк кылат; айрым жерлеринде тундра да кездешип калат. Түндүк муз океандын басымдуу бөлүгү муз менен капталган.


АРКТИКА БАССЕЙНИ, у ю л бассейни–Түндүк Муз океандын терең бөлүгү. Түндүгүнөн Евразия менен Американын материктик тайыздыктарынын чети жана Нансен босогосу менен чектешет. Аянты 5,3 млн км2дей,

АРКТИКА

эң терең жери 5449 м. Cyy астындагы Гаккель, Менделеев, Ломоносов кырка тоолору Арктика бассейнин суу астындагы Нансен, Макаров, Амундсен, Канада чуңкурдуктарына бөлөт. Буурул түндөр жанa күндүн горизонттон төмөн турушу, абанын температурасынын төмөндүгү (январда –30°Сден –34°Сге чейин, июлда O°Cгe жакын) калыңдыгы 3 м калкыма муздун (көп жылдык муз) жыл бою турушуна шарт түзөт. Арктика бассейниндеги суу жанa муздун циркуляциясы Атлантика жанa Тынч океандары менен суу алмашып турушуна (натыйжада Арктика бассейнинин туздуулугу бир калыпта турат; 30–32%о ) жана шамалга байланыштуу. Арктика бассейнинде туруктуу агымдын жанa калкыма муздун суткалык орточо ылдамдыгы 2–4 км, фитопланктондун 70, зоопланктондун 80дей түрү бар. Аба бассейнинин чет жакаларын деңиз арстаны, түлөн, ак аюу мекендейт. 1937-ж. арктика бассейниндеги уюлга жакын жеринде И. Д. Папаниндин жетекчилиги менен муз үстүндө калкып жүрмө «Түндүк уюл» («СП-1») станция уюшулган.