АРКТИКА АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:00, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКТИКА АЛКАГЫ – Жердин эң түндүгүндөгү географиялык алкак. Арктиканын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Алкактын чеги эң жылуу айдын (июль же август) 5°С изотермасы боюнча жүргүзүлөт. Алкакка радиациялык баланстын терс же бир аз оң мааниси, арктика аба массасынын үстөмдүк кылышы, узакка созулган уюлдук түн, абанын жанa океан суусунун үстүнкү катмарынын муздактыгы мүнөздүү. Алкактын кургактагы бөлүгүндө муздуу же таштуу арктикалык чөл ландшафты үстөмдүк кылат; айрым жерлеринде тундра да кездешип калат. Түндүк муз океандын басымдуу бөлүгү муз менен капталган.
Арктика бассейни,уюл бассейниТүндүк Муз океандын терең бөлүгү. Түндүгүнөн Евразия менен Американын материктик тайыз-

АРКТИКА


дыктарынын чети ж-a Нансен босогосу менен чектешет. Аянты 5,3 млн кж2дей, эң терең жери 5449 м. Cyy астындагы Гаккель, Менделеев, Ломоносов кырка тоолору А. б-н суу астындагы Нансен, Макаров, Амундсен, Канада чуңкурдуктарына бөлөт. Буурул түндөр ж-a күндүн горизонттон төмөн турушу, абанын темп-расынын төмөндүгү (январда –30°Сден –34°Сге чейин, июлда O0Cre жакын) калыңдыгы 3 м калкыма муздун (көп жылдык муз) жыл бою турушуна шарт түзөт. А. б-ндеги суу ж-a муздун циркуляциясы Атлантика ж-a Тынч океандары менен суу алмашып турушуна (натыйжада А. б-нин туздуулугу бир калыпта турат; 30–32%о ) жана шамалга байланыштуу. А. б-нде туруктуу агымдын ж-a калкыма муздун суткалык орточо ылдамдыгы 2–4 км, фитопланктондун 70, зоопланктондун 80дей түрү бар. А. б-нин чет жакаларын, деңиз арстаны, түлөн, ак аюу мекендейт.
1937-ж. А. б-ндеги уюлга жакын жеринде И. Д. Папаниндин жетекчилиги менен муз үстүндө калкып жүрмө «Түндүк уюл» («СП-1») станция уюшулган.