АЛТАЙ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:25, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ ТИЛДЕРИ – түрк, монгол, тунгус-манчжур жана япон, корей тилдеринин генетикалык жакындыгы бар деген түшүнүктү билдирген шарттуу термин.

Айрым окумуштуулар (И. Табберт-Страленберг, М. А. Кастрен, О. Бётлинг, Г. Винклер, О. Доннер, Г. Рамстедт, Е. Д. Поливанов, В. Л. Котвич ж. б.) Алтай тилдери менен урал тилдеринин генетикалык жакындыгы бар деп сунуш кылышкан. Аталган тилдердин генетикалык жакындыгына караганда, типологиялык жакындыгы көбүрөөк деген көз караштар да бар. Урал-алтай тилдер теориясын жактаган окумуштуулар аталган тилдердин тыбыштык түзүлүшү, сөздөрдүн морфологиялык жол менен жасалуусу, сингармонизм жана агглютинация мыйзамдарынын окшоштугу, лексикадагы бир катар параллелдер, ошондой эле атоочтордогу жөндөмө, жак, сан категорияларында болгон структуралык жакындыктарды негиз кылып карашат. Алтай тилдеринин тобун түзгөн түрк, моңгол жана тунгус-манчжур тилдеринин ар бири өз ара генетикалык жакындыкты түзсө, ошондой эле финно-угор, корей тилдеринин ич ара генетикалык жакындыгы бар. Ошондой эле түрк тилдер тобундагы өлүү тилдер, башкача айтканда орхон түрктөрүнүн, енисейлик (байыркы) кыргыздардын, байыркы уйгур, булгар, хазар, кыпчак тилдеринин фонетикалык, грамматикалык, лексикалык окшоштуктары Алтай тилдеринин тарыхын салыштырып изилдөөчүлөр тарабынан аныкталган.
Ад.: Рамстедт Г. И. Введение в алтайское языкознание. Морфология. М., 1957; Юнусалиев Б. М. Кыргыз диалектологиясы, Ф., 1971; Котвич В. Исследование по алтайским языкам. М., 1962. С. Сыдыков.