АЛП СОЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛП СОЛ Табу Хэцзу, Тапу–9-кылымдагы кыргыз кол башчысы (кытайча цзян-цзюнь) жанa элчиси. 840-жылы кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жанa Енисейдеги Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон. 842-жылы ноябрь айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Ал

АЛП СОЛ 1.png

кыргыз-уйгур мамилелери жанa уйгурлардын туткунунда калган кытай императорунун кызы Тхай-Хэ тууралуу маалыматтарды жеткирген. Мындан кийин 843-жылы март айында кыргыз каганынын атынан Кытайдын Тан династиясына Чшу-у Хэсу (Чугу Алп Сол), 843-жылы июлда Вэнь-у Хэ (Ургу Алп), 843-жылы август-сентябрь айларында Дидиэсы Нань-Чжу (Тукук Иначы) сыяктуу элчилер келген. Кыргыз каганынын аскер башчысы, элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн (к. Кыргыз-кытпай дипломатпиялык мамилелери).
Ө.
Ж. Осмонов, сүрөтчүсү Р. Исаков.