АПОПТОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОПТОЗ (апо'... жана ptosis – түшүү, басаңдоо) клеткалардын генетикалык аныкталган программа боюнча өзүнөн-өзү бузулуу процесси; тышкы же ички өзгөрүүлөргө жооп иретинде болот, Клетканын программаланган өлүмүнүн бир түрү. Кокусунан жабыркаган клетканын өлүшүнөн айырмала­нып, А. кадимки физиологиялык процесс болуп эсепте­лет. А. бардык көп клеткалуу эукариотторго мүнөздүү. Ал ачыткычтарда байкалып, клеткалардын популяциясынын тең салмактуулугун сактоодо мааниге ээ. Көпчүлүк учурда А. биологияда самурай законунун көрүнүшү болуп саналат. Ал закон б-ча тирүү система өзүн жок кы­луу механизмине ээ. Анда ал өзүнүн функциясын аткара албай, системага керексиз болгондо учурайт. Клетканын программаланган өлүмү биологияда эмбриондук өрчүү механизминин бири катары (мисалы, көнөк баштын куйругунун жоголушу ж. б.) белгилүү. А. концепциясын жалпы биологиялык программа катары англиялык окумуштуулар Дж. Керр, А. Вилли жана А. Кьюри түзүшкөн жана терминди сунуш кылышкан. А . программасынын иштебей калышы рак жана аутоиммун ооруларынын өрчүшүнө алып келет. А-дун коргонуу функциясына вирус жуккан же стресстен жабыркаган клеткалардын өзүн-өзү жок кылышы да кирет. Бул механизм инфекциянын өсүшүн, генет. өзгөргөн клеткалардын пайда болушун токтотууга багытталган. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө илдет жуккан жер­дин айланасындагы клеткалардын өлүшү инфекциядан коргонуусу болуп саналат. Жабыр­каган ткандын айланасындагы клеткалардын ашыкча A-у жүрөктө инфаркт, мээде инсульт ж. б. ооруларга алып келет. Нерв клеткаларыы­нын A-у нейродегенерациялык ооруларга (мисалы, паркинсон), ал эми лимфациттердегиси ИЖОСтун (СПИДдин) өрчүшүнө негиз болушу ыктымал. Б. Бегалиева.