АПОМИКСИС
АПОМИКСИС (апо... жана гр. mixis – аралашуу)– өсүмдүктөрдүн жыныссыз көбөйүүсү. «А.» терминин немис генетиги Г. Винклер киргизген. Пар теногенез', гиногенез, андрогенез жолу менен кээде гана жыныстык көбөйүүчү жаныбарларда (көпчүлүк жаргак канаттуулар, коңуздар, кээ бир кескелдириктер, балыктар ж. б.) да кезигет. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 80 тукуму, 300 уруусу А. жолу менен көбөйөт. Мисалы, дан өсүмдүктөрү, цитрустар, роза гүлдүүлөр, ошондой эле папоротниктер ж. б. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө көп кезигет. Кээ бир өсүмдүктө (каакым, жылган, тогуз төбөл ж. б.) А. дайыма, башкаларында (пияз, тамеки ж. б.) чанда болот. A-те түйүлдүк зиготадан эмес уруктанбаган жумуртка клеткасынан (партеногенез же апизоотия) же татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө түйүлдүк кабынын клеткасынан жана уруктун сома клеткасынан пайда болот. А. тукум куума, кээде тукум куубай эле кокустан болушу да мүмкүн. Көпчүлүк А-тик түрлөрдүн популяциясында жыныстык формалары да болот. Ар бир түрдүн урук пайда кылуусунда амфимиксис менен А-тин конкреттүү катышы генетикалык жактан жана чөйрө факторлору менен жөнгө салынып турат. Генетикалык жактан көп түрдүү тукум табигый жана жасалма тандоого материал берүүчү амфимиксистен айырмаланып, А. көбүнчө хромосома саны жана генетикалык конституциясы эне организмге окшош клон берет. Мындай организмдер анча өзгөрбөйт жана табигый тандалууга материал аз болот. А-тин генетикалык өзгөчөлүктөрү дан өсүмдүктөрүнүн, картошканын ж. б. гомозигаталуу формасын алууда, цитрус өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууда пайдаланылат.