АЛМАШУУ
Jump to navigation
Jump to search
АЛМАШУУ (альтернация) ‒ белгилүү бир синтагматикалык же парадигматикалык шарттарда тилдик бирдиктердин курамында бири-бирин алмаштырууга жөӊдөмдүү болгон тилдик бир тектүү бирдиктердин парадигматикалык карым-катышы. Алмашылуучу бирдиктер же альтернаттар структуралык жактан конгруэнттүү болушу, ббашкача айтканда жогорураак деӊгээлдеги структурасында бир эле орунду ээлөөсү зарыл. Ал баарынан мурда, тыбыштарга жана фонемаларга мүнөздүү. Алмашуу ар кандай типте жана түрдө болушу ыктымал. Альтернанттардын айырмалоочу белгилерине жараша сандык (созулма же кыскалыгы боюнча) жана сапаттык (пайда болуу орду, жолу ж. б. белгилери боюнча) болуп бөлүнөт. Алмашуу шарттарына карай фонетикалык жана фонетикалык эмес болуп бөлүнөт.
С. Мусаев.