АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ (антропо'... жана гр. kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо менен анын келип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, илимий техниканын өнүгүүсү менен курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп жана үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.