АНТРАКНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРАКНОЗ (гр. antrax – көмүр ж-a nosos - илдет) – дарак, бадал ж-a чөп өсүмдүктөрүнүн кебер илдети. Бул илдетке чалдыккан өсүмдүктү каратак басып, бүдүрлүү болот. А. илдетине чал­дыккан үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу курт-кумурска ж-a шамал аркылуу таралат. Ал мелүүн климаттуу зонада кезигип, жаан-чачындуу жылы айрыкча көбөйөт. Жаңгак, чай жана цитрус өсүмдүктөрү көп чалдыгып, түшүм төмөндөйт. Ага каршы күрөшүүдө которуштуруп айдоону туура жүргүзүү, өсүмдүктүн таза сортторун эгүү; өсүмдүктүн илдеттүү бутагын жазында кыркып, өрттөө, жайкысын бордос суюктугун же аны алмаштыруучу дарыларды колдонуу керек.