АНТИПРОТОН
Jump to navigation
Jump to search
АНТИПРОТОН (р ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. А. менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. А-дун электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. менен протон бирге пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.