АРКАНЗАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКАНЗАС – АКШдагы дарыя, Миссисипинин оң куймасы. Узундугу 2410 км, алабынын аянты 416 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Улуу ж-a Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Орточо чыгымы 1300 м3/сек (эң азы 23 м3/сек). Деңгээли Литл-Рок шаары тушта 8–10 мге чейин өзгөрүп турат. 1000 км аралыкка кеме жүрөт. Алабында ири суу сактагыч бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Уичито, Талса, Литл-Рок шаарлары жайгашкан.