АРИМЖАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:50, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИМЖАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Сакалды айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 9 км батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 57 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 533 м би­йиктикте. Калкы 1823 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Май куюучу жай, автомобиль сервиси иштейт. Орто мектеп, ФАП, маданият үйү бар.