АРГУНЬ
Jump to navigation
Jump to search
АРГУНЬ – (монголчо ёргун – кенен, жазы) – Россия менен Кытайдагы дарыя; Амур дарыясынын оң курамы. Узундугу 1620 км, алабынын аянты 164 миң км2. Кытайдагы Чоң Хинган деген ат менен башталат. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат. Орточо чыгымы 340 мъ/сек. Ноябрдын аягынан майдын башына чейин тоңот. Олочи станциясынан тартып кез-кезде кеме жүрөт.