АРГИЛЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГИЛЛИТ (грекче argillos – чопо, lithos – таш) – диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоо тек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. Аргаллиттер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.