АНДРОМЕДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:09, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш А. тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. А. топ жылдызынын а, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, А. жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. А-нын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.