АНГОРА ЭЧКИСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГОРА ЭЧКИСИ – жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган.

АНГОРА ЭЧКИСИ 80.png

19-к-да АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салм. 50-55 кг, эчкиси 32-36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. А. э-нин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн узундугу 25 см. А. э-нин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. А. э. кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. А. э. жана аргындары Орто Азияда, Түндүк Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жергиликтүү эчки менен аргындаштырылган.