АНГИОЛОГИЯ
АНГИОЛОГИЯ (жаңы лат. angiologia, гр. angeion - кан тамыр жана ...логия) – анатомиянын кан жана лимфа тамырларын изилдөөчү бөлүгү. Гален (б. з. ч. 2-к-да) артериянын ичинде аба эмес, кан болорун, ал эми жүрөк аны айландырарын далилдеген. А-нын негизи 17-к-да кан айлануунун чоң жана кичине тегереги жана лимфа системасы түшүндүрүлгөндөн кийин калыптанган. 19-к-да англиялык хирург жана анатом А. Купер, орус окумуштуусу Н. И. Пирогов артериянын топографиялык анатомиясын түзүшкөн. Азыркы А. кан тамырдын чоюлгучтугун, кан тамыр түтүгүн, анын капталдарын, кандын жана лимфанын жылышын, ошондой эле органдарды кан менен камсыздоо жана андан чыгуу жолдорун изилдейт. А-лык изилдөөлөр функциялык жана клиникалык багытта жүргүзүлөт. Негизинен изилдөө методдору рентгенология, инъекция, жарык жиберүү ж. б.