АЛЛЮВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:43, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЮВИЙ (латынча alluviеs ‒ агынды, шиленди, сайроон), а л л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү ‒ агып келип суу-дарыя нуктарына, сайларга топтолгон кесек, борпоӊ чөкмөлөр. Терминди 1823-жылы англиялык окумуштуу У. Бакленд сунуштаган. Аллювий көлөмү, курамы, сорттолушу жагынан ар түрдүү

Түздүктөгү дарыянын аллювий түзүлүшүнүн схемасы: 1 ‒ суу киргендеги деӊгээли, 2, 3, 4 ‒ аллювий: нук, жайылма, эски аллювий түзүлүштөрү, 5 ‒ тоо капталдарынын жана дарыя өрөөндөрүнүн таманынын түпкү тектери.

тоо тектердин жумуруланган кесек сыныктарынан, кум менен чопонун аралашмаларынан турат. Сынык бөлүкчөлөрдүн кесектиги боюнча жумуру таштуу, шагыл таштуу, кумдуу, чополуу, чым көӊдүү жана кум топурактуу; жайгашкан орундарына жараша нуктук, жайпама, кургап калган байыркы өзөн аллювий болуп бөлүнөт (к. схема). Айрым нук аллювийде алтын, платина, калай ж. б-дын кен чачындылары (россыпь) жолугат. Аллювий менен кум-шагыл курулуш материалдары да байланыштуу.