АЛЛИЛ СПИРТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:31, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛИЛ СПИРТИ, CH2=CH‒CH2OH ‒ каныкпаган эӊ жөнөкөй спирт, молекулалык салмагы 48,08, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 96,9 °C. Суу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Спирт тобуна жана кош байланыштуу этиленге мүнөздүү реакцияларга кирет. Аллил спирти глицеринди суусуз козу кулак кислотасы менен кошуп, 150 °C чейин ысытуудан алынат: CH2(OH)CH(OH)‒ ‒CH2OH + (COOH)2→CH2=CH‒CH2 OH+2H2O+2CO2. Аллил спирти глицерин, синтездик чайыр жана пластмасса алууда колдонулат.