АНАНАС
Jump to navigation
Jump to search
АНАНАС (Ananas)– бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, уз. 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 2-15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,
Тайвань, Цейлон а-дары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, к-талар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, о. эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. А-тын жалбырагынан баалуу тех. була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.