АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ
Jump to navigation
Jump to search
АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30–33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–800 м, деңиз деңгээлинен бийиктиги 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан жана үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортоңку жана төмөнкү бөлүгү кууш, V формасында. Таманында жана тоо капталдарында карагай токойлорунун ири массивдери бар. Шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын Ак-Суу санаторийи бар. Жайкы жайыт. Илимий, окуу-тарбиялык жана рекреациялык мааниси чоң.