АЛКАЛОИДДҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР
АЛКАЛОИДҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР ‒ курамында азоттуу органикалык бирикмелер бар өсүмдүктөр. Алкалоид алгач 1806-жылы апийимден бөлүнүп алынган. Аларга меӊдубана, чай, чекенде, тамеки, чанактуулар, байчечекейлер, шакардуулар ж.б. кирет. Дүйнөдө миӊден ашык өсүмдүктөн алкалоид табылган. Адатта бир эле өсүмдүктө бир нече алкалоиддер болушу мүмкүн. Мисалы, апийим сүтүндө 20дан ашык алкалоид кездешет. Алкалоиддүү өсүмдүктөр көбүнчө ысык жерлерде таралган. Алкалоиддер өсүмдүк клеткаларында башка заттардай эле химиялык реакцияларга катышат. Мисалы, бышып келе жаткан тамеки уругунда белоктун топтолушу менен катар никотиндин бара-бара жоюлушу байкалат. Курамында алкалоид көп өсүмдүктөр малды уулантып, өлүмгө дуушар кылат. Картошка сабагындагы же көгөргөн түймөгүндөгү алкалоид соланин канды гемолизге алып келиши мүмкүн. Алкалоиддүү өсүмдүктөр негизинен дары-дармек жасоо үчүн колдонулат.
И. С. Содомбеков.