АЛКАКТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛКАКТУУЛУК, ө с ү м д ү к т ө р д ү н ‒ климат, топурак жана жер бетинин өзгөчөлүгүнө жараша тоо этегинен чокусуна чейин өзгөрүп жайгашкан өсүмдүк жамаатынын тилкелери. Өсүмдүктөрдүн түрлөрү тоолуу жерлерде Алкактуулук боюнча жайгашат. Түздүктөн тоонун чокусун көздөй жогорулаган сайын жылуулук азайып, суук боло баштайт. Кыргызстан аймагы мелүүн жана субтропик алкактарынын чөл зоналарында жайгашып, анын өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт.