АРАЛ кыштагы (Ноокен)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Арал айыл аймагына караштуу. Ж о г о р к у А р а л жана Т ө м ө н к ү А р а л айылдарынан турат. Деңиз деңгээлинен 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 8 км түштүк-чыгыш тарапта, облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 48 км. Калкы 1178 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн жана жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Негизги мектеп, кесиптик техникалык окуу жайы, амбулатория, маданият үйү, мечит, 2 тегирмен, май жуаз, стадион бар. Дыйканчылык жана жеке чарба уюшулган.