АРАЛ АПААТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:36, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ АПААТЫ – антропогендик таасирден Арал деңизинин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу Орто Азия менен Казакстандын зор аймагындагы адамдарга, табиятка, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнө залака келтирген экологиялык жана администрациялык-экономикалык кырдаал. 1961-ж. Арал деңизинин көп жылдык орточо деңгээли 53 м, аянты 66,1 миң км2, ал эми көлөмү 1064 км3 болгон. Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя жана Кара-Кум каналына чектеш жерлерде айдоо аянттарынын кеңейтилиши, ошондой эле Арнасай, Шардара, Сары-Камыш каналчаларынын пайда болушу бул аймакта терс процесстердин жаралышына өбөлгө түзүп, Арал деңизинин көлөмүн азайткан. Бул процесстер негизинен 1970-жылдарда башталып, аймактагы экологиялык тең салмактуулукту бузуп, деңиздин чеке белиндеги жерлерди антропогендик

Арал деңизинин космостон көрүнүшү.

мүнөздөгү чөлдөшүү процессине алып келген. Арал деңизине 1910–60-ж. 62 км3 суу куйса, 1961–70-ж. 43,3 км3; 1971–80-ж. 16,7 км3; 990-ж. 3,5 км3 суу куйган. Мындан 1961–77-ж. Арал деңизине куйган суулардын көлөмү жылына 27,7 км3 азайып, анын 22,6 км3 сугатка жумшалган. Арал деңизинин аянтынын 1/3 бөлүгүнүн кыскарышынан, Кара-Калпак Республикасынын кышы өтө ызгаардуу, жайы өтө ысык жана кургакчыл боло баштаган. Температуранын жылдык орточо амплитудасы 1,5–2°Сге өзгөргөн. Кум дөбөлөрүндө туздуу кыртыштар түзүлө баштап, туздуу чаңдарды пайда кылган көлдүн суусу тартылып кеткен жерлерде чакан көлмөлөр, рельефтин эолдук формалары, шор жерлер ж. б. пайда болгон. Ал эми жер астындагы суулардын төмөндөп кетишинен, алардын минералдашуусу арткан. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын алабы шор

Арал деңизинин тартылуу деңгээли.

жерлерге айла­нып, айрым жерлеринде туз чөгүндүлөрүнүн калыңдыгы 1–2 мге жеткен. Айрыкча, кургап калган кысыктардын ордуна туздан куралган бархандар пайда болгон. Натыйжада гидрофилдик жана мезофилдик өсүмдүктөр ээлеген аянттар кыскарып, алардын ордуна тузга чыдамдуу өсүмдүктөр өсө баштаган.
1975-жылдан Арал деңизинин аймагы туздун жана чаңдын чордонуна айланган. Орто эсеп менен жылына бул аймактан 15–75 млн т чаң атмосферага көтөрүлөт. Негизги чаң куюндары Арал деңи­зинин түндүк-чыгыш жээгинде пайда болуп, Арал аркылуу өтүп карама-каршы жээкке жетип, андан ары кургактыктын үстү менен жайылгандыгын космостук изилдөөлөр далилдеген. Куюндар өзүнүн жолунда көптөгөн чаң жана туз дөбөлөрүн пайда кылуусунун негизинде, 1950–90-ж. чаңды жайылтуу 60 эсеге көбөйгөн. Аму-Дарыянын дельтасында орто эсеп менен бир чаңдуу куюндан кийин 1,5 млн тга чейин туз чөгүндүлөрү пайда болуп, ар бир гадан 15 тдан 90 тга чейин туз жыйналууда. Арал деңизинин батышында 25–30 км аралыкта жайгашкан Үстүрттө өсүмдүктөрдүн үстүн калыңдыгы 2–3 мм болгон туз катмары жаап калганы аныкталган. Куюн учурган чаң менен туз 2 миң км аралыкка чейин жетет. Туздуу чаң, тузга каныккан кыртыш суулары ар кандай эпидемиялык ооруларды пайда кылууда. Мурда Арал туз топтогуч бол­со, азыркы учурда тескерисинче, тузду жайылтуучу болуп калды. Туздардын жайылышы, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыяда жер семирткичтер менен уу химикаттардын концентрациясынын көбөйүшү Арал деңизинин аймагын экологиялык курч абалга алып келди.
Бул кесепеттер калктын жашоо шартын төмөндөтүп, чарба иштерин жүргүзүүгө тоскоол болууда. Мисалы, Барса-Келбес аралындагы айбанаттар коругу, Возрождение аралындагы иш орундары жабылды. Миңдеген адам туулуп өскөн жерин таштап, бөлөк облустарга, башка өлкөлөргө көчүүгө мажбур болду. Деңиз жээгинен 400 км аралыкка чейинки өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү азайды. 1987-ж. Арал деңизи боюнча комиссия түзүлүп, анын аймагында экологиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн бир топ чараларды көргөн. Суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулуп, тажрыйба жүзүндө дыйканчылыкта сууну үнөмдөөчү системаны колдонуу чараларын иштеп чыккан. 1988–2000-ж. сугат иштеринде дренаждык коллектордук системаны колдонуу иш чаралары көрүлгөн. Бирок, мурдагы СССР мамлекети жоюлгандан кийин Арал деңизинин экологиялык абалын калыбына келтирүү процесстери токтоп калган. 1993-ж. 26-мартта Кызыл-Ордо шаарында Арал деңизинин маселелери боюнча 1-конференция өткөн. Ал конференцияда Арал деңизи менен Арал аймагындагы экологиялык коопсуздук, аймактын экологиялык жагдайы каралган. Жыйынтыгында Орто Азия мамлекеттери менен Казакстан биригип, «Аралды сактоо» келишимин түзгөн. Келишимдин негизги багыты – экологиялык кырдаалдын алдын-алуу, аймактын администрациялык-экономикалык шартына, ден-соолукту сактоого, турмуш-жагдайын оңдоо болгон. Келишимди орундатуунун алгачкы шарты Аралды эл аралык деңгээлде коргоо, Арал деңизи­нин маселелери жөнүндөгү мамлекет аралык кеңеш түзүү болгон. Кеңешке Орто Азия өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары, Россия Федерациясынын өкүлдөрү кирген. Кеңеш өз ишин эл аралык Арал комиссиясынын мүчөлөрү жана Дүйнөлүк банк менен бирге жүргүзөт. Азыркы учурда Арал маселесин чечүү үчүн бир топ чаралар көрүлүүдө, бирок алардын натыйжасы чектелүү бойдон калууда.
Ад.: Давыдов М. И., Ваковская Э. М., Тушинский Г. К., Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР: Современные проблемы физической географии. М., 1989–1990; Арал: история исче­зающего моря. Д., 2003.
Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов.