АЛИЗАРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЗАРИН (1,2-д и о к с и а н т р а х и н о н), С14Н8О 4 ‒ саргыч кызыл түстөгү ийнече түрүндөгү кристалл зат. Молеклалык салмагы 240,20; эрүү t 200°C, кайноо t 430°C, сууда эрибейт, бензолдо, уксус кислотасында, пиридинде жакшы эрийт. Ализарин ‒ эӊ байыркы боёк зат. Ал марена өсүмдүгүнүн тамырында гликозиддер түрүндө кездешет. Ализарин көп валенттүү металлдардын (Аl, Са ж. б.) иондору менен түстүү туздарды пайда кылат. Ал баалуу боёкторду даярдоодо жана анализдик химияда колдонулат.