АЛИЕВ Шаршеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Шаршеналы (1950, Нарын облусу, Нарын району, Пионер айылы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (2005), профессор (2012). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун математика адистигин бүтүргөн (1974). Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы КМУ) окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы, деканы, институттун директору, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин биринчи проректору, ректору болуп эмгектенген. Бир нече сыйлыктар менен сыйланган.