АРАБ ЧӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:38, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ЧӨЛҮСахара чөлүнүн түндүк-чыгыш бөлүгү. Нил дарыясынын өрөөнү менен Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түндүк кеңдикте) Нубия чөлүнө өтөт. Араб чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак жана акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка тоосу (эң бийик жери 2187 м, Шаиб-эль-Банат чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түндүк-чыгыш шамалы менен келген жамгыр жаап, кургак нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) ж. б. дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу менен камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде – дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде нефть, фосфорит кендери бар.

Г. Бакасова.