АЛЕКСАНДРИЯ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:06, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРИЯ ЧИРКӨӨСҮ, П р а в о с л а в и е л и к А л е к с а н д р и я п а т р и а р х а т ы ‒ эӊ эски автокефалдык (баш ийбеген, өзүн-өзү башкарган), православиелик чиркөөнүн бири. Аны чиркөөнүн салттуу айтымында б. з. 1-кылымынын 30-жылдарында евангелист жана апостол Марк негиздеген деп ага таандык кылып жүрүшөт. 2-кылымда Александрияда епископтук кафедра иштей баштаган. Чиркөө патриархат (негиздөөчү) статусун башка байыркы чыгыш чиркөөлөрү менен катар эле (Константинополь, Антиох, Иерусалим) Халкидон соборунда (451-жылы) алган. Александрия чиркөөсү башка православиелик чиркөөлөрдүн арасында чоӊ кадыр-баркка ээ болуп, табынуу салтанатында дүйнөлүк патриархтан кийин экинчи аталчу. 16-кылымда осмон түрктөрү Египетти басып алгандан кийин Александрия чиркөөсүнүн жолдоочулары абдан азайган. Азыркы Александрия чиркөөсү догматика жана культ боюнча башка православиялык чиркөөлөрдөн эч айырмаланбайт. 12-кылымга чейин эле Александриялык ырым-жырымдар Византиялык жөрөлгөлөр менен алмашылган. Кудайга табынуулар грек жана араб тилдеринде жүргүзүлгөн. 1928-жылы Александрия чиркөөсү григоряндык календарды кабыл алган. Александрия чиркөөсүн патриарх башкарып, анын резиденциясы Александрияда жайгашкан. Александрия чиркөөсүнө 1 архиепископия, 14 митрополия, 4 епископия кирет, 1 млндон ашык мүчөсү бар.