АПТАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:05, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПТАП – жай мезгилинде күн өтө ысып, үп болуп турган абал. Атмосферадагы ысыктык депрессиясынын таасиринен аба массалары бир топ убакытка чейин алмашылбай, абанын басымы төмөндөп, температуpa жогорулап, нымдуулук башка учурларга караганда артып, жел жүрбөй калат. Бул кубулуш жайкы чилде убагында Азия, Аф­рика, Австралия материктериндеги чөлдүү, жарым чөлдүү жана талаалуу аймактарында дайыма болот. Кыргызстанда бул мезгил көбүнчө июндун аягына, июлдун башына туура келет.