АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ ‒ коэффициенттери комплекстүү сандар болгон каалагандай алгебралык теӊдеменин комплекстик сандар талаасына тиешелүү тамыры бар экендиги жөнүндөгү теорема. Теорема азыркыдан башкача айтылышта, голландиялык окумуштуу А. Жирар (1629) менен франциялык философ Р. Декарт (1637) тарабынан далилденген. Шотландиялык окумуштуу К. Маклорен менен швейцариялык окумуштуу Л. Эйлер кийинки даражасына жеткиришкен.